Эмне үчүн эркектер аялдарды урат?
2019.01.16, 09:47
1355
Жигитим урат. Анын экинчи кол көтөрбөйм дегенине ишенсем болобу? Эмне үчүн эркектер аялдарды урат?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.01.2019, 16:11
Гүлбарчын Жумабаева
Эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт
Окурман, бир жолу аялга кол көтөргөн эркек өмүр бою урат. Анын үстүнө никеңер жок экен, жигитиңиз болуп туруп уруп-сабап жатса, келечектеги чогуу жашооңуз кандай болот? Азыртан ойлонуңуз. Үй-бүлөлүк зомбулук орун алган үйдө тарбияланган балдар эмоционалдык жана жүрүм-турумдук жабырланууга кабылышат, психологиялары бузулат. Келечекте өздөрү зомбулукка жакын болушат.
Ошондуктан, азыртан ойлонуп чечим чыгарыңыз. Сиз бактылуу болгонго татыктуусуз!
0
Пайдалуу жооп