Жигитим менен кумарга баттым. Кыздыгыма доо кеткен жокпу?
Жигитим экөөбүз кумарга баттык. Ошол маалда менден кичине эле кан чыккан. Мен кичине эле ооруну сездим. Биротоло киргизген жок, ооруп кеткенде түртуп салгам. Кан кичине билинээр-билинбес чыккандыктан, экөөбүз тең "кыздыкка доо кеткен жокпу" деп чоочуп жатабыз. Эгер билинээр-билинбес кан чыкса эч нерсе болбойбу?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Мындай ачык сурооңузду кумарга бата электе сурасаңыз туура болмок. Узаткан сурооңузга караганда жыныстык катнаш, жыныстык гигиена жөнүндө түшүнүгүңүз жок окшойт.
Чочуп, стресс болуунун кереги жок. Бул ишке бири-бириңерди каалап баргансыңар да. Эгер үй-бүлө куруу планы жок болсо, каалоосуз бойго бүтүү, инфекция жугуп калуу коркунучу бар.
Мен сизди текшерип көрмөйүн кыздыкка доо кеткендигин так айтып бере албайм. Кабылдамага келиңиз.