Мурунку жигитимден кечирим сурагым келет. Бул туурабы?
19 жаштамын. Жолдошум, 1 балам бар. Менин ичимди өйүп келген маселе, мурунку жигитим. Ал мени катуу сүйчү, мен аны жактырчумун. Бирок, ата-энемдин каалоосу менен жолдошума турмушка чыккам. Бул чечимиме өкүнбөйм, кайын-журтум, күйөөм жакшы.
Мен мурунку жигитимден кечирим сурагым келет. Себеби сүйлөшүп жүрүп башкага тийип кеттим. Аны менен жоолуккан деле эмесмин, ал башка жакта болчу. Телефон аркылуу гана сүйлөшчүбүз. Турмушка чыккандан кийин чалып алып ыйлаган, кетишимди суранган.
Жолдошумду сүйөм, кызганам, бирок берки баланын көңүлүн сындырдым. Ушул менин жүрөгүмдү өйүп салды. Кечирим сурайын дейм намысым жол бербейт. Эмне кылсам болот?
Бермет Наралиева
Психолог
Окурман, аял затынын психологиясы эмоция менен байланыштуу. Өткөндү эстеп, романтикага малынып, реалдуулуктан алыстап кетет. Бактылуу, ийгиликтүү адамдар өткөнгө өкүнбөй, келечектен коркпой бүгүн жана азыр деген принцип менен ишенимдүү алга кадам таштайт.
Сизге суроо:
- Өткөн турмушту эстеп, кайгырып, андан кечирим сурап кайра эскинин бардыгын эске салгыңыз келип жатабы?
- Жакшы турмуштун барына ыраазы болуп жашоо дегенди түшүнөсүзбү?
- Өткөндү ойлоп, сарсана болуп, капа кылып койдум кечирим сурашым керек деп, азапка түшүш керекпи?
- Бүгүнкү күн менен жашабай, убакытты текке өткөрүп жашоо сизге жагып жатабы?
Мына окурман, жогорку суроолорго жооп берип, жашооңузду анализдеңиз. Ийгилик!