Кыргызстандын жарандыгын кантип алса болот?
Саламатсызбы! Мен Өзбекстандын жаранымын. Кыргыз жаранына турмушка чыккам. Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн кандай документтерди чогултам? Алдын ала чоң рахмат!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
Саламатсызбы! Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн төмөнкү документтерди чогултасыз:
- Чет өлкөлүк паспорт;
- Арыз берүүчүнүн КР жарандыгына кабыл алынгандыгы же калыбына келтирилгендиги жөнүндө маалымкат – базада маалымат жок болгон учурда;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - базада маалымат жок болгон учурда;
- Никелешүүсү же никесин бузгандыгы жөнүндө күбөлүк - базада маалымат жок болгон учурда.
Эскертүү: буга чейин Кыргызстан менен чектешкен өлкөнүн жарандарынын паспорттору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августу пж № 174 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобонун негизинде алынып коюулат.
Милдеттүү түрдө керектелүүчү документтер:
- Жеке идентификациялык номер (ПИН);
- АИС “АСБ”да даректин каттоосу, АИС “ АСБ”да дарек катталбаган болсо, арыз ээсинин жашаган же катталган жерине карабастан ПВжКИБке тийиштүү турак-жай имаратына карата документтер – тех.паспорт, соода-сатык келишими же башка укуктарды белгилөөчү документтер: турак-жай ээсинин макулдугу, паспорту (турак-жай ээсинин катышуусу же нотариалдык макулдугу) менен кайрылуу керек.
- Аскерге милдеттүүлөр үчүн- РВК каттоосу;
- Төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк;
- Арыз ээсинин фотосүрөтү (документтерди тапшыруу убагында ордунан жасалат, башка жактан жасалган сүрөттөр кабыл алынбайт);
- Үй-бүлөлүк абалын аныктоо үчүн: никелешүү/никесин бузгандыгы тууралуу күбөлүк/ күйөөсүнүн (аялынын) өлүмү тууралуу күбөлүк - маалымат базасында жок болсо.
Учурда Кыргызстанда болсоңуз жана убактылуу каттоодо кайсы райондо турасыз, ошол райондун паспорт бөлүмүнө кайрылсаңыз кененирээк маалымат беришет.
Колл-центр: 119