// //

Чехиядан кантип билим алса болот?

2019.01.14, 09:48
1050

Саламатсызбы! Чехиядан билим алгым келет. Кантип кетсем болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.01.2019, 09:50

Аида Бейшембаева

“Kyrgyz Concept Education” агенттигинин консультанты

Урматтуу окурман, Чехияга окууга өтүүнүн бир канча жолу бар. Келишимдик жана бюджеттик негизде тапшырса болот. Мыкты окусаңыз, бекер билим алууга мүмкүнчүлүктөр жогорулайт.

Кандай жолдор бар?

Тапшырган университетке, тандаган адистикке жараша документ топтойсуз.

  • Чехиянын мамлекеттик университеттеринде окуу бекер. Болгону В1 деңгээлиндеги экзаменден өтүшүңүз керек.
  • Чех тилин өздөштүргүңүз келсе Прага жана Брно шаарын тандаңыз. Курстарга акы төлөнөт.   
  • Англис тилинде билим алууну кааласаңыз - TOEFL iBT min.71/IELTS 6.0 даражадагы сертификат керек.

Негизги документтер топтому:

  • Толтурулган анкета (даяр анкетаны университеттин расмий сайтынан аласыз)
  • Мотивациялык кат
  • Жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү
  • Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, англис тилине которулган аттестат же диплом.

Мамлекеттик университетте англис тилинде окуйм десеңиз, нострификация (дипломду тастыктоо) экзаменинен өтөсүз.

Акча, турак жай жана тамак-аш маселеси

  • Чех элчилиги ар бир чет элдик студенттин жанында бир жылга 85 800 чех крону (263 087 сом) болушун талап кылат. Андыктан окууга тапшырып жатканда акчалай мүмкүнчүлүгүңүздү эске алыңыз.
  •  Университеттер жатакана берет. Тамак-аш жана жол кире акысы студенттин чөнтөгүнөн.

Визаны кантип ачса болот?

  • Университет сиздин окууга өткөндүгүңүз тууралуу чакырууну жана документтердин түпнускасын (DHL, FEDEX ж.б.) почта каттамдары аркылуу кыргыз почтасына жөнөтөт. Аларды алып окуу визасын ачасыз.
  • Виза ачуу бир айда бир жолу гана болот. Элчилик каттоодон өткөн талапкерди Астана шаарындагы кеңсесине маектешүүгө чакырат.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт