Кантип стюардесса болом?

2019.01.14, 09:39
678

Саламатсызбы! Кантип стюардесса болуп, авиакомпаниялардын бирине жумушка орношсо болот? Бул тармакта атайын билимим жок. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.01.2019, 09:42

И.Абдраимов атындагы авиациялык колледжинин кабыл алуу коммиссиясы 

Саламатсызбы! Стюрадесса болгуңуз келсе, биздин окуу жайга тапшырып, багыңызды сынап көрүңүз. Кабыл алуу 11-класстын базасында 22-июнда башталат. Окуу мөөнөтү 1 жыл 10 ай.

Керектүү документтер:

  • аттестат
  • медициналык №086 жана психоневрологиялык, наркологиялык диспансерден маалымкат
  • 3*4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт
  • паспорт
  • рентгенологдон мурун көңдөйүнүн сүрөтү керек.

Ошондой эле, бул кесипке тапшырып жаткандар кошумча, орус же кыргыз жана англис тилинен сынак беришет. Кененирээк маалыматты (312) 41-80-38, 41-80-32 телефондору аркылуу алсаңыз болот.

Сизге ийгилик каалайбыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт