Кантип стюардесса болом?
2019.01.14, 09:39
3517
Саламатсызбы! Кантип стюардесса болуп, авиакомпаниялардын бирине жумушка орношсо болот? Бул тармакта атайын билимим жок.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.01.2019, 09:42
И.Абдраимов атындагы авиациялык колледжинин кабыл алуу коммиссиясы
Саламатсызбы! Стюрадесса болгуңуз келсе, биздин окуу жайга тапшырып, багыңызды сынап көрүңүз. Кабыл алуу 11-класстын базасында 22-июнда башталат. Окуу мөөнөтү 1 жыл 10 ай.
Керектүү документтер:
- аттестат
- медициналык №086 жана психоневрологиялык, наркологиялык диспансерден маалымкат
- 3*4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт
- паспорт
- рентгенологдон мурун көңдөйүнүн сүрөтү керек.
Ошондой эле, бул кесипке тапшырып жаткандар кошумча, орус же кыргыз жана англис тилинен сынак беришет. Кененирээк маалыматты (312) 41-80-38, 41-80-32 телефондору аркылуу алсаңыз болот.
Сизге ийгилик каалайбыз!
0
Пайдалуу жооп