Ата-энем турмушка чыгышыма каршы. Эмне кылам?
Жашым 19да. Ата энем менен жашайм. Сүйлөшкөн жигитим бар эле, экөөбүз аз эле сүйлөшүп, үйлөнөлү деген чечимге келгенбиз. Бирок ата-энем каршы чыкты. Алар Якутияга кетишимди каалап жатышат. Көңүлүм түшүп, ыйлап басыла албай жатам. Эмнеге атанем мындай чечимге келгенин билбейм. Эмне кылсам болот?
Бермет Наралиева
Психолог
Окурман, ата-эне балага эч качан жамандык каалабайт. Алар менен макулдашып пикирин эске алуу керек. 19 жаш турмуш куруу үчүн эрте эмеспи? Алган билимиңиз жок, али бала бойдон болуп туруп, кантип бала тарбиялай турган кадамга бет аласыз?
Балким ата-энеңиз сиздин акыл токтотуп, турмуштук сыноолорго туруштук бере алаарыңызга чейин өз алдынча жашоону көрсүн деп жаткандыр.
Жок, сүйгөнүм менен бир турмушта кыйынчылык, тоскоолдуктарга туруштук берип, турмуш куруп кеткенге көзүм жетет, десеңиз ата-энеңиз менен дагы бир ирет сүйлөшүп көрүңүз. Алардын жашоодогу тажрыйбасы, сиздикине караганда көбүрөөк, алда канча кыраакы. Шашпай, ойлонуп чечим кабыл алыңыз. Ийгилик!