Атам таштап кеткен. Паспорт ала аламбы?
2019.01.11, 09:20
1102
16 жаштамын. Апам менен атам мен кичинекей кезимде ажырашып кеткен. Атамдын мени менен иши жок. Баардык түйшүгүмдү апам тартат. Чоңоюп калганым үчүн паспорт алышым керек. Ал эми паспортко атасынын колу керек экен. Кандай кылсак болот? Рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.01.2019, 09:28
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, апаңыз кыргыз жараны болсо, атаңыздын колу, паспорту керек эмес. Эгер апаңыз орус же башка улуттун жараны болсо, атаңыздын паспорту керек. Паспорту жок болсо, же кайсыл жакта жүргөнүнөн кабардар болбосоңуз, паспорт столго айтышыңыз керек. Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп