Мектепти бүтпөгөндөр кантип аттестат алса болот?
Саламатсызбы! 18 жаштамын. 4 - класста ооруп калганыма байланыштуу, мектепти бүтпөгөм. Күбөлүгүм жок. Азыр акимчиликтин жардамы менен кесиптик лицейде окуп жүрөм. Бирок бул жакта күбөлүгү жокторго, аттестат берилбейт экен. Мен да жогорку окуу жайга тапшырып, окуп, бир кесиптин ээси болгум келет. Бул маселе дайым ойлондурат. Кандай кеңеш бере аласыз?
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Канчанчы класска чейин окугансыз? Ден соолугуңуз кандай? Толук жазбапсыз.
Эгерде белгилүү бир себептен улам толук билим ала албай калсаңыз, сырттан билим берүү мекемелеринен окуңузду бүтүрө аласыз. Бул үчүн ар бир облуска, районго, шаарга атайын кечки мектептер ачылган.
Белгилүү мөөнөткө чейин кайсы мектепте окусаңыз, ошол жерге барып, документтериңизди алып, жашаган жериңиздин райондук билим берүү борборуна кайрылып, кечки мектепке тапшырсаңыз болот. Окууңузду бүткөндөн кийин күбөлүк аласыз. Ошол жердин мугалимдери сизге жардам беришет.
Сизге ийгилик каалайбыз!