// //

Сабактарымды жазууга такыр шартым жок. Эмне кылам?

2019.01.10, 11:55
815

Мен 16 жаштамын. Менин көйгөйүм мындай: биздин үйүбүз толук бүтө элек, учурда 2 бөлмөсүндө жашайбыз. Сабак аткарууга такыр шартым жок. Жакында олимпиадага катышмакмын, даярданайын десем, үйдүн ичи ызы-чуу. Апам инимди урушат, ал ыйлайт. Мен болсо оюмду чогулта албай кыйналам. Кээде чыдабай мен да ыйлап жиберем. Апаман “мага убакыт бергилечи, сабак окуп алайын, тынч отура тургулачы”, - десем, “биз эми сүлөбөй отуралыбы”,- деп кайра мени урушат. Ушул ситуацияда эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.01.2019, 12:02

Карлыгаш Акимкулова

"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун психотерапевти

Урматтуу окурман, албетте азыркы кезде сен үчүн сабактарга даярдануу абдан маанилүү. Анын үстүнө жакын арада олимпиадага да катышат экенсиң. Сен Азаматсың!

Жакындарың сени түшүнбөй, сага шарт түзбөй жатышат деп ачууланып жатасың. Бүгүнкү кез сенин жашооңдун олуттуу учуру. Балалык кез артта калып, сен чоң адам болдуң. Демек, сен өз алдынчалыкка үйрөнүшүң керек. Чоң кишилер өз көйгөйлөрүн өздөрү чечишет.

Иниң кичинекей экен. Балдар узак убакытка чейин тынч отура алышпайт. Ары-бери чуркап, тентек кылып, бирде күлүп, бирде ыйлаганы кадимки көрүнүш. Бөбөгүңө өзүңдүн убактыңды бөл. Ага китеп окуп бер, аны менен сүрөт тарт. Иниң менен жылуу мамиле түз. Сага болгон ишеними пайда болуп, сенин айткандарыңды аткарганга аракет кылат. Чоң адам менен сүйлөшкөндөй түр көрсөтүп, тынч отуруп турушун суран. 

Апаңдын мүнөзү болсо эбак калыптанып калган. Ал иниңди башкача алаксыта албайт. Урушканда гана тил алат деп көнгөн. Апаң менен жайдары сүйлөшүп, келечектеги пландарың тууралуу айтып бер. Анын колдооосуна муктаж экениңди билдир.

Мындан ары айрым чечимдерди өзүң чыгарып, өзүң үчүн ылайыктуу шарттарды өзүң түзүшүң керек. Күндүз сабак окуган мүмкүн болбой жатабы, демек, бардыгы уктап жатканда оку, түнкүсүн же эртең менен тан атпай. Мугалимиң менен сүйлөшүп, сабактан кийин мектепке бир-эки саатка калып деле окусаң болот. Айтор кандай гана кырдаал болбосун жолун таап кетүү мүмкүн.

Ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт