// //

Кантип акча чогултса болот?

2019.01.09, 16:42
1757

Акча чогултайын деген пландарым бар. Карточка ачып, акчамды канча убакыт тоңдуруп койсом болот? Келишим канча убакытта түзүлөт? Канча сомдон салса болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.01.2019, 16:45

Коммерциялык банк "Кыргызстан"

Окурман, сизге биздин "ОПТИМАЛЬНЫЙ" мөөнөт аманатын сунуштайбыз.

Шарттары: 
Эки эсеп ачылат – “сурап алганга чейин” жана “чукул”.
Кардарга Элкарт же VISA Electron картасы АКЫСЫЗ берилет.
Салымдын минималдык суммасы:

  • 1000 сом же
  • 1000 орус рубли же
  • 50 АКШ доллары же
  • 50 евро

“Мөөнөт” эсеби боюнча акча каражаттарын алып турууга болбойт, ал эми кошулган пайыздар ар бир айдын соңунда “сурап алганга чейин” эсебине которулуп турат. Аны толуктап, соода-тейлеме ишканаларында эсептик-кассалык тейлөөнү банктын колдонуудагы тарифтери боюнча жүзөгө ашырып турса болот.
Пайыздар ай сайын кошулуп турат.
Кошулган пайыздарды ай сайын Элкарт же VISA карталарынан алып турууга мүмкүн.
Салымдын суммасы – чектелген эмес.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт