Бетимдеги кара точкаларды кантип кетирсе болот? Косметолог жооп берет
Саламатсызбы. Бетиме, мурдума кара точкалар чыгып жатат. Кандай маска колдонсом алардан арылам?
Асель Алымбаева
врач-косметолог
Урматту айым, беттеги кара чекиттерден кутулуунун эң ишенимдүү жолу бул медициналык билими бар косметологго кайрылуу. Косметолог салон же клиниканын шартында бетке механикалык тазалоо, ультра добуштук тазалоо же вакуумдук тазалоо процесстерин жүргүзөт. Булардын ичинен эң эффективдүүсү механикалык тазалоо (косметолог атайын аспап менен бетиңердеги кара чекиттерди сыгат). Бирок, бул процедура пациенттин чыдамкайлыгын талап кылат. Себеби бир топ эле оорутат.
Мен атаган варианттардын бири да кара чекиттерден түбөлүккө арылта албайт. Убакыттын өтүшү менен беттин терисиндеги май бездер кайрадан булганып, кара чекиттер пайда болот. Косметолог сиздин бет териңиздин өзгөчөлүгүн эске алып, ага кандай кам көрүү керек экенин, тамактануу режимин жана атайын косметика тууралуу айтып берет. Бул чаралар кара чекиттерди пайда болуу убактысын кыйла создуктурат.
Эгер косметологго барганга убакытңыз же шартыңыз болбосо, үйдөн да кара чекиттерди жок кылса болот. Дүкөндөрдө, дарыканаларда атайын мурунга чаптоочу пластиналар жана бет үчүн маскалар сатылат.
Ошондой эле, интернетте да кол алдындагы нерселерден маска жасоо боюнча көптөгөн кеңештер бар. Түрдүү рецептерди окуп чыгып, өзүңүзгө ылайыктуусун тандап алыңыз. Мындай процедуралар кыска мөөнөттөгү эффект берет.
Эскертүү! Эч убакта бетиңерди өзүңөр сыкпагыла! Бет териге инфекция кирип же так калып калышы мүмкүн.