Жолдошум жүдөө, балдар менен иши жок. Эмне кылам?
Менин көйгөйүм абдан көп. Жолдошум ичпейт, чекпейт жана жоош адам. Үй-жай, бала-чака менен иши жок. Жүгүрүп жүрүп иштин баарын өзүм бүтүрөм. Жөн жүрбөй карызга машина алып алыптыр. Карыз сурагандардан коркуп телефонун өчүрүп коюп кыйналат, ага кошулуп мен нерв болом. Иши оор, чогу иштегендери аны сөгүп, кемсинтишет. Мен чыдабай кетип алар менен да күйөөм менен да урушуп кетем. Айта берсем арманым түгөнбөйт. Ден соолугум да убакыттын өтүшү менен начарлап баратат. Кандай кеңеш бересиздер?
Гүлбарчын Жумабаева
Эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт
Саламатсызбы окурман! Эң негизгиси сабырдуу болуңуз. Сиздин абалда эң биринчи чече турган маселе - бул карыздан кутулуу. Эгер карыздан батыраак кутулсаңыз, үйдөгү уруштар токтойт. Болору болуптур. Эми кантип кутулуунун жолун ойлоп көрүңүз. Бирөөгө акчаңызды алдаткан жоксуз, жолдошуңуз үйдөн бир нерсе уурдап чыгып сатып, же уттуруп салган жок. Ал карызга болсо деле машине алыптыр. Демек акчанын орду бар. Машинени сатсаңар деле акчасы чыгат. Иштин баарын өзүм бүтүрөм деп жатасыз, демек, бул маселени деле чечип коюу колуңуздан келет. Күйөөңүзгө дем-күч бериңиз. Андан аркы ар бир кадамын бирге ойлонуп, чогуу кеңешүүсүн сураныңыз. Маселени чечип алгандан кийин өзүңүздүн ден соолугуңузга кам көрүңүз, жашооңузга приоритеттерди коюңуз. Күчтүү болуп, бардык нерседен позитив издегенге аракет кылгыла. Нерв болуу менен маселе чечилбейт, бул баарыбызга белгилүү. Ийгилик каалайм!