Дизайнер жумушсуз калбайбы?
Апам дизайнер бол дейт. Эгер окусам жумушсуз калбаймбы? Шыгым бар, сүрөттү жакшы тартам.
Назира Садыкова
Дизайнер-конструктор
Салам! Дизайнерликти окуу үчүн ЖРТ тапшырып, сүрөт тартуу боюнча экзамен бересиң. Бул адистик КМКТАУ жана Политех университеттеринде бар.
Убакытты текке кетиргиң келбесе курстарга бар. Ишиңди мыкты билген адис болсоң жумушсуз калбайсың. Ийгилик каалайм!
Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин (КМКТАУ) кабылдамасы
Урматтуу окурман, биздин университетке тапшырууну кааласаң ЖРТдан 110 балдан жогору алышың керек. Буга кошумча сүрөт тартуу экзаменин тапшырасың. Сынакты ийгиликтүү тапшырсаң бюджеттик орунда окусаң болот. Сага ийгилик!