Кекечтенгенде эмне кылса болот?
Кекечтене берем. Эмне кылыш керек?
Динара Токсонбаева
Логопед
Кекечтенүү коркунучтан улам кийин пайда болот. Ошондой эле кекечтенүү атасында, энесинде же бир туугандарынын биринде бар болсо, жаңы төрөлгөн бала чоңойгон сайын алардын айтканын угуп, сиңирип алып, сүйлөп баштаганда кайталайт.
Кекечтенүүнү дарыласа болот. Баары өзүңүздүн каалооңуздан көз каранды. Логопедге кайрылсаңыз, атайын техникалардын жардамы менен бат эле арылып кетесиз. Дарылоого адабият, окуу техникасы, көркөм окуу, туура дем алуу жана кекечтенген тамагаларын чоюу методдору жардам берет. Азыр интернетте атайын көнүгүүлөрдүн түрү бар, ошолорду карап аткарсаңыз болот. Арылам деп максат коюп, күн сайын аракеттенсеңиз кекечтенбей каласыз.