Чүчөк курт жыныс мүчөгө кирип кетсе эмне болот?
Саламатсызбы. Бала кезде көп чүчөк болчумун. Алар сыртка чыгып, алдыма да кирип кетчү. Кыздыкка терс таасири тийиши мүмкүнбү?
Гүлзина Мадраимова
Акушер - гинеколог
Азыркы убакта чүчөк курт кичинекей балдар арасында абдан көп тараган. Ал оюнчуктарды кир бойдон ойногондон, жер - жемишти жана колду жуубай тамактангандан улам пайда болот. Ошондуктан, ата - энелер кичинесинен балдарга гигиенаны үйрөтүп, тазалыкка көндүрүүсү зарыл.
Кыз кишинин кыздык белгиси арткы тешикке жакын болгондуктан, түндө жылуу жумшак жаткан маалда чүчөк курт сыртка чыгып, кычыштырышы мүмкүн. Кичинекей бала колу менен тырмап, кыздык белгисин айрып алышы ыктымал
Эгерде сен ал жөнүндө ойлоп санаа тартып жатсаң, гинекологго келип көрүнүп кет.