Алименттин суммасын азайтса болобу?
Биринчи аялымдан мектепте окуган эки балам бар. Экинчи никемден эгиз балалуу болдум. Сурайын дегеним, сот алиментимди азайтып бере алабы?
Адвокатым азайтууга болоорун айтты. Сотко доо арыз менен кайрылгам. Сот отуруму болуп, "иш кагаздарыңды толуктап кел" дешти. Ал эми соттун төрөгасы "мыйзамда алименти азайтуу мүмкүн деген сөз бар", - деди. Чын эле мыйзамда алиментти азайтуу барбы?
Нурислам Райимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, алименттин суммасын өзгөртсө болот. КРнын Үй бүлө кодексинин 18 бөлүмүнүн, 124 беренесинде үй бүлөлүк шартка байланыштуу тараптардын биринин талабы боюнча алименттен бошотуу же суммасын өзгөртүү көрсөтүлгөн.
Сиздин жагдайда эки бала кошулуп үй бүлөлүк шартыңыз өзгөрүп жатат. Бул боюнча сотко билдирсеңиз, сот тараптардын катышуусу менен биринчи чыккан буйрукту өзгөртүп берет.
Нурислам Райимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, алименттин суммасын өзгөртсө болот. КРнын Үй бүлө кодексинин 18 - бөлүмүнүн, 124 - беренесинде үй бүлөлүк шартка байланыштуу тараптардын биринин талабы боюнча алименттен бошотуу же суммасын өзгөртүү көрсөтүлгөн.
Сиздин жагдайда эки бала кошулуп үй бүлөлүк шартыңыз өзгөрүп жатат. Бул боюнча сотко билдирсеңиз, сот тараптардын катышуусу менен биринчи чыккан буйрукту өзгөртүп берет.