Эмне себептен бел суу бат түшөт?
2019.01.02, 06:29
2190
Саламатсызбы! Төшөктө бел суум бат эле түшүп калат. Эмне кылсам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.01.2019, 17:05
Мирлан Айбашов
Уролог-андролог
Саламатсызбы! Бел суунун бат түшүшү - мезгилсиз эякуляция деген оору. Эки түрү бар. Биринчиси туубаса эякуляция - жыныс мүчөнүн астындагы уздечка кыска болгондо уруктук бат түшөт. Бул учурда уздечка операция жолу менен кесилип, узартылат.
Экинчиси эректирдик дисфункциядан, туубаса простатит, гипертериоздон улам кийин пайда болот. Эгерде бул ооруларды дарыласа, айыгып кетет.
Сиз андрологго кайрылып текшерилиңиз. Өз алдынча физикалык көнүгүүлөрдү жасап, көп кыймылдап, муздак жерге олтурбай, оор көтөрүүдөн алыс болуңуз. Убагында уктап, эс алыңыз.
0
Пайдалуу жооп