Башым ооруп жатат. Эмне кылсам?
2018.12.30, 14:55
2534
Саламатсызбы! Акыркы айдан бери башым токтобой ооруп жатат. Дары ичсем 1 саатка гана жардам берет. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.12.2018, 14:59
Ирина Василенко
невролог, мануалдык терапевт
Саламатсызбы урматтуу окурман! Баш оорунун себептери көп. Айрымдарына токтолсом:
- Остеохондроз
- Кан айлануунун бузулуусу
- Түрдүү жаракаттар
- Баш сөөк ичиндеги кан басым
- Вирустук инфекциялар
- Мээнин толук азыктанбашы жана башка дегендей.
Андыктан жөн эле башым ооруп жатат деген нерсе жок. Сөзсүз түрдө бир себеби болот. Сизди текшерип, анализдериңизди көрбөйүн бир нерсе деп айта албайм.
Өз алдынча ооруну басаңдатуучу дарыларды, аналгинди ичпеңиз. Ден соолугуңузга зыян. Өтүп кетет деп олтура бербестен тезинен дарыгерге кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп