// //

Москвага баргым келбейт. Апама кантип түшүндүрөм?

2018.12.28, 11:29
1149

Бишкектеги сулуулук салондордун биринде маникюр жасап иштейм. Жумушум мага аябай жагат. Тапкан акчам жетиштүү. Бирок апам мени Москвага кел деп кыйнап жатат. Бул жактан көбүрөөк акча табасың дейт. Мен ал жака баргым келген жок. Бул жакта жигитим да бар. Ал мен үчүн чет өлкөдөн Бишкекке келип, жумуш таап иштей баштады. Апама кантип түшүндүрсөм болот, жардам бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.12.2018, 11:50

Гүлмира Молдокулова

Психолог 

Окурман, сизди эмне ыраазы кылаарын так билесиз. Туруктуу жумушуңуз, жеткиликтүү айлык акыңыз, бирге болуу үчүн алыстан келген сүйүктүү жигитиңиз бар. Менин түшүнгөнүм боюнча сиз чечимди кабыл алдыңыз. 

Апаңыз эмнени билет? Апаңыз Москва шаарынан көп акча табаарыңызды билет. Энелер, "мен сенден улуумун, сага караганда жакшы билем, акылдууракмын, мен сага кам көрөм" деп ойлошот. Албетте, бул апаңыздын көз карашы боюнча сизге болгон кам көрүүсү. Бирок, бул сизге туура келеби? 

Көйгөйдөн чыгуунун бир жолу, ачык сүйлөшүү. Качан адам чындыкты ачык айтып маектешкенде, бир пикирге келишип, маселени чече алышат. Сиздер так жана түшүнүктүү кылып өз позицияңарды айтышыңар керек. Апаңыздын аралышуусу менен эмнелерди жоготуп алышыңыз мүмкүн экенин айтыңыз. Ачуулукка алдырып апаңызды капа кылып алуудан алыс болуңуз. 

Эң башкысы энеңиз сиздин чоңойгонуңузду,  өз алдынча чечим кабыл ала алаарыңызды, өз жашооңуз үчүн чечим чыгарууга укугуңуз бар экенин, жоопкерчилик ала алаарыңызды түшүнүшү керек. Бул сиздин жашооңуз. Ийгилик! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт