Дин таануучу психолог боло алабы?
Саламатсызбы! КУУнун социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде окуйм. Бизде бир нече кафедра бар: психология, социология жана мен окуган дин тануу. Дин таанууну бүтүргөндөн кийин магистратурага психология багытына тапшыра аламбы?
КРнын билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Мамлекетибиздин билим берүү стандарттарына ылайык, студенттер бакалаврды кайсы багытта бүтүрсө, ошол багыт боюнча гана магистратурага тапшыра алышат.
Тактап айтканда, сиз магистратурага дин таануу боюнча гана окуй аласыз.
Бирок, сизде бир мүмкүнчүлүк бар. Бакалавр дипломунун негизинде тездетилген программа менен психология боюнча бакалавр даражасын алып, магистратурага тапшырсаңыз болот.
Ийгилик!