Турмушка чыкканыма 1 ай болду, күйөм менен күндө урушабыз
Саламатсызбы, мен турмушка чыкканыма бир ай болду. Экөөбүз 1 жыл сүйлөшүп анан үйлөнгөнбүз. Эми күйөөм экөөбүз күндө урушабыз. Кантип токтотсок болот? Ал мага көңүл бурбайт. Мен эмне кылышым керек?
Карлыгаш Акимкулова
"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун психотерапевти
Урматтуу айым, үй-бүлөлүк жашооңор жаңыдан гана түптөлүп келатканда урушуп жатканыңар өкүнүчтүү. Силер үй-бүлөнү урушуш үчүн эмес бири-бириңерге сүйүү тартуулап, кам көрүү үчүн баш коштуңар да. Тойго чейин бир жыл сүйлөшүптүрсүңөр, бирок мүнөзүңөрдү толук биле алган жок окшойсуңар. Урушуп жатканыңардын себептери ар кандай болушу мүмкүн. Эмнеден улам конфликт пайда болгонун изилдеп чыгуу керек. Азырынча жаштык кылып, бири-бириңерге баш ийбей, компромиске баргыңар келбей турган учур. Канчалык көп урушсаңар, келечекте ынтымактуу жашоо шансы ошончолук алыстайт. Жолдошуңуздун эмнеге нааразы болуп жатканын сурап, анын пикирин жайдары уккула. Андан кийин өзүңөргө жакпаган көрүнүштөрдү түшүндүргүлө. Бардык маселелер тууралуу келишип алса болот.
Мен сизге үй-бүлөлүк бакыт каалайм!