Кайсы окуу жайда дизайнерлерди окутат?
2018.12.26, 09:09
445
Саламатсызбы! 11-класстын бүтүрүүчүсүмүн. Дизайнерликке тапшыргым келет. Кайсы окуу жайлар бар жана ЖРТдан канча бал алып бюджетке өтсө болот? Рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.12.2018, 09:13
Назира Садыкова
Дизайнер-конструктор
Салам! Дизайнерликти окуу үчүн ЖРТ тапшырып, сүрөт тартуу боюнча экзамен бересиң. Бул адистик КМКТАУ жана Политех университеттеринде бар.
Убакытты текке кетиргиң келбесе курстарга бар. Ийгилик каалайм!
0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
26.12.2018, 09:23
Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин (КМКТАУ) кабылдамасы
Урматтуу окурман, биздин университетке тапшырууну кааласаң ЖРТдан 110 балдан жогору алышың керек. Буга кошумча сүрөт тартуу экзаменин тапшырасың. Сынакты ийгиликтүү тапшырсаң бюджеттик орунга илинесиң. Сага ийгилик!
0
Пайдалуу жооп