// //

Уялчаактыктан кантип арылса болот?

2018.12.25, 14:18
2664

Саламатсызбы. Тартынчаак, уялчаакмын. Ушул адатымдын айынан көп нерседен кур калам. Кээде өзүмдү жек көрүп кетем. Тартынчаак, уялчаактыкты кантип жок кылса болот? Жооп үчүн алдын ала рахмат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.12.2018, 14:20

Нурзат Токтосунова

оратор, алып баруучу 

Ар бир адам эл алдында тартынат, толкунданат, кээде өзүн жоготуп коет. Бул кадыресе көрүнүш. Сиз бул нерседен эл алдына кайра-кайра чыгып олтуруп арыласыз. Башкача айтканда, көйгөйдөн качып эмес, чечип кутуласыз.

Биринчи көп эмес, азыраак кишинин алдында сүйлөңүз. Бир, эки, анан бара бара 5-6. Ошентип бир күнү уялбай каласыз. Баары жакшы болот десеңиз- баары жакшы болот! 

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
25.12.2018, 14:21

Каныша Кожогелдиева

психолог

Адам кандайдыр бир мүнөздү же адатты өзгөртүүнү кааласа биринчиден эрктүү болушу керек. Сиз “мен уялчаактыгымды өзгөртөм” деген максат коюп, эрктүүлүк менен эмгектенсеңиз, сөзсүз түрдө орундалат.

Болгону башкаларга кичинеден сөз сүйлөө менен кошулуңуз, тартынбастан сүйлөңүз, алар деле сиздей болгон адамдар. Кийин сөздөр көбөйүп, көнүп кетесиз, болгону аракет кылыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт