Иштебеген адам пенсияга чыгабы?
2018.12.25, 11:17
1471
Иштебеген адам кантип пенсияга чыгат? Жолдору барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.12.2018, 11:30
Айкөл Турганбаева
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Окурман, адам өмүр бою эч жерде иштебесе, же ар кандай салыктарды төлөбөсө, карылыгы жеткенде Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин линиясы менен карылыгы боюнча ай сайын социалдык пенсия алат.
- Эркектер 65 жаштан;
- Аялдар 60 жаштан;
- Баатыр энелер 55 жаштан.
Бүгүнкү күндө пенсиянын өлчөмү 1000 сом, баатыр энелер үчүн 2000 сом. Бийик тоолуу аймактарда жашагандарга райондук коэффициент кошулуп берилет.
0
Пайдалуу жооп