"Р" тамгасына тилим келбейт. Эмне кылсам болот?
2018.12.24, 11:58
1833
Саламатсызбы! 18 жаштамын. "Р" тамгасына тилим келбейт. Жашоомо терс таасирин көп тийгизет. Кимге кайрылсам болот? Алдын ала рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.12.2018, 14:20
Динара Токсонбаева
Логопед
Окурман, ар бир адамдын организми индивидуалдуу. Ошол себептүү тил дагы ар кандай болот: пассивдүү, жалкоо жана чыйрак. “Р” тамгасына тил ар кайсы мөөнөттө келет. 10 күндөн баштап, бир ай же болосо жылдарга созулуп кетиши мүмкүн. Эгерде сиздин тилиңиз “Р” тамгасына көптөн бери келбей жатса, анда создуктурбастан тезирээк логопедге кайрылыңыз. Атайын методикалардын жардамы менен тилиңизди оңдоп аласыз.
0
Пайдалуу жооп