Төрөттөн кийин кантип калыбыма келсем болот?
Саламатсызбы! Төрөттөн кийин спорт менен машыксам, эмизгениме терс таасирин тийгизбейби? Кантип мурунку калыпка келсе болот? Скакалка менен секирсем сүтүм азайбайбы? Кызыма 6 ай болуп калды.
Гүлзина Мадраимова
акушер-гинеколог
Төрөтүңүз жеңил өтүп, ден соолугуңуз жакшы болсо, Эки жумадан кийин эле калыпка келтирүүчү гимнастиканы жасай баштасаңыз болот. Көнүгүүлөрдү жасаардан мурун өзүңүздүн акыбалыңызга көңүл буруңуз. Эгер маанайыңыз жок болуп шалдырап турсаңыз жатып эс алганыңар оң. Ошондой эле, дене табыңыз көтөрүлүп турганда же этек кири келип жатканда спорт менен машыкканга болбойт.
Эгер операция жолу менен төрөсөңүз, 4-6 айдан кийин гинекологдун кароосунан жана УЗИден өтүп, дарыгер уруксат бергенден кийин машыгууну баштаңыз.
Гимнастика жасоо боюнча кеңештер:
- Баланы эмизип бүткөндөн кийин эки сааттын ичинде көнүгүүлөрдү жасагыла.
- Ыңгайлуу бюстгальтер тандагыла
- Көнүгүүлөр өтө оор эмес болушу керек
- Аз-аздан бирок күнүгө жасагыла
- Бир күндө бардыгын жасап салууга умтулбагыла
- Сүт азайып кетпеши үчүн суюктукту көбүрөөк ичкиле, себеби тер менен көп суюктук жоготуп коесуз.