Буйрук чыккан кызматкерди штатка киргизбей койсо болобу?
2016-жылы жумушка киргем. Жумушка кабыл алынды деген буйрук чыккан. Бирок, ушул күнгө чейин штаттык тизмеде фамилиям жок экенин бүгүн билдим. Министирликке кеткен документте менин фамилиямдын ордуна башка кызматкердин фамилиясы турат. Буйрук мага чыгарылган, айлыкты 0.5 баасы менен алып жүргөм. Эч түшүнө албай койдум? Буйрук чыккан кызматкерди штатка киргизбей койсо болобу? Кимге кайрылсам керек?
Нурлан Манапбеков
Юрист
Саламатсызбы! Профсоюз комитетине кайрылыңыз. Эгер ишканада профсоюз комитети жок болсо, сотко арыз жазыңыз. Башка эмгек келишимин (трудовой договор) түзүп, буйрукту колуңузга алыңыз. Штаттык тизмеде жок болсоңуз, бул иштеген жок дегенди билдирет, стаж да кетпейт.
Жумушка орношуп жатканда буйрук менен келишимди кылдаттык менен караш керек. Сизди жөнөкөй тил менен айтканда "келип кетчү кызматкер" катары каттап койгон.