Менин айылымда суу жетишсиз
2018.12.21, 11:03
1200
Менин айылымда суу жетишсиз. Ошол маселе боюнча кимге кайрылсак болот? Негизи Нарын дарыясынын жанында жашайбыз. Чоң дарыя болуп туруп суубуз жок.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.12.2018, 11:11
Шайгүл Орозбакиева
Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү департаментинин жетекчиси
Урматтуу окурман, сиз кайсы айыл тууралуу сөз болуп жаткандыгын жазганыңызда тагыраак жооп бере алат элем. Негизи, Нарын облусу Азия өнүктүрүү банкынын калкты ичүүчү суу менен камсыздоо долбооруна кирген. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Ошондой эле, бул маселе боюнча жергиликтүү айыл өкмөтүнө кайрылууңар керек. Алар мындай маселелерди чечүүгө тийиш.
0
Пайдалуу жооп