Германияга 1 жылга иштеп келсем болобу? Адис жооп берет
2018.12.20, 13:03
1755
Саламатсызбы? Bilesinbi.kg сайтына чоң рахмат, көп кеңештерди алып жатам. Азыркы суроом: Германияга 1жылга иштеп келейин деп жаткам. Ал үчүн кандай аракеттерди кылсам болот? Кимге кайрылышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.12.2018, 13:08
Гүлжигитов Курсант
Аба-Тур Групп агенттигинин директору
Саламатсызбы урматтуу окурман! Германияга программа боюнча барып бир жыл иштеп келсе болот. Айлык акысы саатына 9-9.5 евро. Иш күнү 8 саат.
Шарттары мындай:
- 3-4 курстун студенти болуш керек
- Немец тилин билүү деңгээли В-1 (б.а. оозеки тилди жакшы түшүнүү)
- Экономика, менеджмент, отель-ресторан бизнеси, туризм тармагында окугандарга жумуш тезирээк табылат.
Канжа каражат керек:
- Агенттиктин кызматына – 25 000 сомдон жогору
- Авия билет бир тарапка – 300 доллардан жогору
- Виза – 75 евро
- Медициналык камсыздандыруу (страховка) – 70-140 евро.
Кошумча маалыматты төмөнкү дарек боюнча же телефон номерлерге чалып билип алсаңар болот:
Табышалиева 11- офис 10
0709 975311
0779 975311
0559 975311
0
Пайдалуу жооп