Насыя алып бизнес баштаса болобу?
Zaem.kg деген компания жөнүндө билгим келет. Алардан акча алсам, өз ишимди ача аламынбы?
Нурлан Манапбеков
Юрист
Окурман, компаниядан акча алып, иш баштаардын алдында кылдаттык менен ойлонуңуз. Жаңыдан бизнес ачып жатсаңыз, анын келечегине алдын ала чара көрүү зарыл. Катып жүргөн акчаңыз барбы? Кокус, жумуш болбой калса кайсы акчаны бересиз? Ушул сыяктуу суроолорду чечип алганыңыз туура болот.
Аталган компаниянын лицензиясын көрүп, келишимди кунт коюп окуп чыгыңыз. Мыйзамдуу иш алып барып жатканын сурап, билип алууга укугуңуз бар.
Мен сизге юридикалык жагын гана айтып бердим. Ал эми, бул компания тууралуу тааныш, дос, туугандар же социалдык тармактар аркылуу сураштырып, башкалардын пикирин дагы укканыңыз оң болот.