Жыныстык мамилеси жок жашаса болобу?
Мен бокс менен машыгып дайыма рингге чыгам. Машыктыруучу "жыныстык жашоо күчтү кетирип, ийгилике жеткирбейт" деп айтат. Өзүмө сөз бергем, үйлөнсөм да эч качан күчүмдү кетирбейм деп. Интимдик жашоого анча деле кызыгуум жок, жыл бою кошулбай жүрө берем. Зыяны тийбейби? Айрым адамдар простатит болот деп айтышат.
Мирлан Айбашов
Уролог-андролог, сексолог
Окурман, жыныстык катнаш менен жашап турган жакшы, простата безинде кан айланып турат. Эгерде жыныстык катнаштан баш тартып койсо, кийин тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Кан айланбай калса, простатитти пайда кылат. Бул өнөкөт алсыздыкка алып келет.
Эркек киши 28 жашка чейин жумасына 5-8 жолу, 28 жаштан өткөндөн кийин 3-5 жолу жыныстык катнашка барып турушу норма болуп саналат. Көпчүлүк спортчулар беттеш алдында күчүн сакташат. Бирок мелдеш бүткөндөн кийин жыныстык катнашта жашай берүү керек. Экөөнү тең алып кетүү туура.