Жарнама аркылуу чет өлкөгө жумушка кетсе болобу?
2018.12.14, 09:49
597
Социалдык желедеги Америкага, Канадага жумушка чакырган жарнамаларга ишенсе болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.12.2018, 10:21
Нурлан Манапбеков
Юрист
Урматтуу окурман, социалдык тармак аркылуу жумуш издөө өзүңдү тобокелге салууга барабар. Бара турган өлкөнүн тилин билсең, чет элдик социалдык тармак аркылуу иш тапсаң болот. Бирок жумуш сунуштап жаткан фирманы изилдеп, көбүрөөк маалымат чогултканга аракет кыл. КРнын миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий сайтында кайсы бир ишмер же ишкана аркылуу мыйзамдуу түрдө чет өлкөгө жумушка орношсо боло тургандыгы жазылуу.
Лицензиясы жок иштеп жаткандарды мыйзам түрүндө админстративдик же кылмыш жаза кодекси аркылуу жоопко тартса болот. Себеби булар коопсуздугуңа кепилдик бере албайт. Туура чечим кабыл ал!
0
Пайдалуу жооп