Кийин наркоман боломбу?
Саламатсызбы! Мен ата энемдин жалгыз баласымын. Алар мени такыр кемсинтип урушпайт. Окуга бараарда "көңүлүң барбы", - деп сурашат. Мен деле тентектик кылып, каяша сүйлөбөйм. Бирок атам менен апамдын туугандары "балаңардын көңүлүн карабагыла, кийин наркоман, кайдыгер болуп чоңоюп калат",- деп коркута беришет. Чын эле мен ошондой болуп каламбы?
Айгүл Камалова
Балдарды эрте курактан өнүктүрүү боюнча эксперт
Салам! Билесиңби, терс жүрүм-турумду башкара билүү ар бир адамдын өз колунда. Наркоман же кайдыгер болот десе эле, андай болуп калбайт.
Ата-энеңди мыкты ата-энелер деп айтсам жаңылышпайм. Үй-бүлөңдүн сага көрсөткөн колдоо, сүйүү жана мээрими менен эч качан жаман инсан болбойсуң. Мен толугу менен сенин мыкты, эрки күчтүү, ата-энесине камкор бала болуп чоңоюшуңа ишенем. Ийгилик!