Автоэлектрик болуш үчүн кайсы сабакты жакшы окуш керек?
2018.12.11, 11:32
3042
Саламатсызбы! 18 жаштамын. Автоэлектрик болгум келет. Контрагы канча болот? Кайсы сабакты жакшы окушум керек? Рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.12.2018, 11:45
№3 кесиптик лицейдин кабылдамасы
Окурман, биздин №3 кесипттик лицей автоэлектрик кесибин кыска жана узак мөөнөттө окутат. Бул кесиптин ээси болуу үчүн физика сабагын жакшы окушуң керек.
- Төрт айлык кыска мөөнөттөгү окуу 15-январда башталат. Окуу акысы 7100 сом. Документтерди азыр тапшыра берсең болот.
- Он айлык узак мөөнөттөгү окууга кабыл алуу жайында башталат. Окуу акысы 14 000 сом.
Керектелүүчү документтер:
- Билим алгандыгы тууралуу документ (аттестат же билим алгандыгы тууралуу күбөлүк);
- №086 формасындагы медициналык маалым кат;
- паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- 3х4 сүрөттөн 6 даана.
Байланыш телефону: 0 (312) 62-49-12
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп