// //

Менден дарыгерлер мыйзамсыз акча алыштыбы?

2018.12.11, 10:51
774

Бейтапканага барып тишимди жулдурттум. Кабыл алгандыгы үчүн 1000 сом алды. Бул мыйзамдуубу? Эки күндөн кийин кайра барсам, дагы акча беремби? Деги эле дарыгерлер кызматына акы алуу каралганбы? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.12.2018, 11:21

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

Урматтуу окурман, мамлекеттик ооруканага кайрылдыңызбы же жеке клиникагабы?

Жеке клиникаларда дарыгердин кызмат акысы көрсөтүлгөн прейс-курант бар. Эгер 1000 сом деп көрсөтүлсө, ал акыны төлөйсүз. 

Ал эми, КРнын жараныдарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында, стоматологиялык жардамдын төмөнкү түрлөрү бекер көрсөтүлөт:  

  • мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын, жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын, кош бойлуулук боюнча каттоого турган аялдардын ооз көңдөйүн алдын алуучу текшерүү иштери; 
  • зарыл болгон дары-дармектик камсыздоо менен бирге шашылыш стоматологиялык жардам;
  • ооз көңдөйүнүн санациясы чыныгы жашаган жеринде каттоого (приписка) турган төмөнкү категориядагыларга:

- 10 жашка чейинки балдарды кошо алганда,

- 70 жаштагы жана андан улуу пенсионерлерге,

- кош бойлуу аялдарга. 

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт