Журналист болсом соттоп жиберишпейби?
2018.12.10, 12:31
699
18 жаштамын. Университеттте 1-курста окуйм. Кесибим боюнча программист. Бирок, журналистикага кызыгуум күч. Эч жерде журналист болуп иштебейм. Кызыгуума байланыштуу "You Tube" дан өзүнчө бир канал ачып, журналисттик иликтөөмдү жарыяласам болобу? Соттоп жиберишпейби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.12.2018, 12:36
Нурлан Манапбеков
Юрист
Салам! Журналист болууга эч кандай лицензия кереги жок. Бирок журналисттик этика деген бар. Этиканы сактап, туура иш алып барсаң сени эчким соттобойт.
"Youtube" дан канал ачып жарандык активист катары иш жүргүзө бер. Бирок дин, расса, конфиденциалдуулук жана башка этикалык нормаларды катуу карман. Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп