Кайын энемди көргүм келбейт
Эки балам бар. Көйгөйүм - кайын энем менен тил табыша албайм. Күйөөм жакшы, бирок, апасынын көзүн карап турат. Апасы мага жамандык кылса да “сен баштадың да”,- деп күнөөнү мага оодарып коет. Кайын энемдин кылган кылыктарына эстеп, көргөндө ачуум келет. Нервди тынчтандыруучу дары сунуштай аласызбы?
Бермет Уланова
Гештальт-консультант
Урматтуу айым, тилекке каршы, кайын энеңиз менен болгон конфликттин чыгуу себептерин толук жазбапсыз. "Бул дарыны ичсең нервиң эс алат" деп конкреттүү бир дары сунуштай албайм. Ортодогу келишпестик дары менен ордуна келбейт.
Биринчиден, уруш-талаш эмне себептен келип чыгып жатканын аныктап, түшүнүшүңүз керек. Эсиңизде болсун, күнөө бир тараптан болбойт. Кайын энеңиз менен болгон мамилеге жолдошуңузду аралаштырбаңыз, экөөнө эки башка мамиле керек.
Кайын энеңизди, сизди жана ортодогу абалды кенен билбейм, толук маалымат берүү кыйын болуп турат.
Эгер кайын энеңиз сизге гана эмес, башкаларга да агрессивдүү мамиле кылса, чыр-чатакка көп аралашкан, киши менен ыркы келишпеген адам болсо, аны көкүтпөгөнгө аракет кылыңыз. Көпчүлүк учурда мындай адамдардын максаты абалды конфликтке жеткирүү.
Эгерде урушуңардын себеби бир пикирлеш боло албагандан болсо, экөөңөр тең мамиленин үстүнөн иштешиңер керек. Кайын энеңизге эмне жакпаарын билип көрүңүз. Колдон келчү реалдуу суроо-талап болсо аткарып коюңуз. Аны менен сүйлөшүү учурунда күнөөлөбөй, өзүңүз жана өзү тууралуу чындыкты сүйлөшүңүз. Мисалы, тигил же бул көрүнүш же айткан сөздөрү сизге кандай таасир берди ж.б. Ийгилик каалайм!