Эрозияны өз алдынча дарыласа болобу?
2018.12.06, 09:48
1812
Августа көз жаргам. Гинеколог "эрозия шейки матки" деп шам жазып берген. Бир ай мурун 10 күндүк дарылануу курсунан өткөм. Азыр жагымсыз жыттанган суюктук келип жатат. Кайрадан 10 күн өз алдынча дарыланып койсом болобу? Ооруканага барганга шартым жок. Рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.12.2018, 09:55
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Айым, жагымсыз жыт менен келген жыныс суюктугу сезгенүүнүн бар экенин далилдейт. Бала эмизип жаткандыгыңа байланыштуу төрөттөн кийинки салган шам менен толук айыга албасаң керек. Өз алдынча дарылануудан алыс бол. Сен бала эмизип жатасың жана иммунитетиң төмөн болушу мүмкүн.
Сезгенүүнү өнөкөт кылып ала электе, мүмкүнчүлүк таап дарыгерге кайрыл. Ден-соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп