// //

Өзүңө болгон бааны көтөр!

2018.06.27, 15:30
3757

Адамдын өзүнө болгон баасынын түшүп кетүүсү ийгиликтүү мамиле менен карьера курууга тоскоолдук жаратып, келечекке болгон жолун бууп коёт. Психолог гештальт-терапевт Айгүл Ысыкеева өзүнө-өзү баа берүүнүн бир нече ыкмаларын айтып берди.

Бала кичинекей кезинде ата-энеси тарабынан ар тараптуу тыюу салууларды, кемсинтүүлөрдү, башканын баласына болгон салыштырууларды көп укса, ошол сезим менен чоңоюп өссө, анда  өзүнө ишенбестик, өзүн-өзү кемсинтүү күч алат. Эстеп көрүңүзчү, сизге апаңыз же атаңыз “түкүнчөнүн баласын карачы, сабагын жакшы окуйт, үйгө эрте келет, оокатты дагы тың кылат, сен болсо олтурасың, эч нерсе кыла албайсың” деген ар кандай кемсинтүүлөрдү айтты беле? Эгер бул сөздөрдү уккан болсоңуз, анда сиздин өзүңүзгө болгон баанын түшүп кетишине бирден бир себеп боло алат.

Досторуңуз же тааныштарыңыз өзүнүн ийгилигин айтып жаткан учурда сизде “мен эмнеге мындай кыла албайм, мындан эмнем кем же менин колумдан келбейт турбайбы” деген ойлор жаралабы? Жообуңуз "ооба" болсо, анда өзүңүзгө болгон баа дагы бир тепкичке ылдыйда.

Өзүңө болгон бааны жогорулатууга кеңештер:

  • Биринчиден өзүңө “мен киммин?” деген суроону узатып, жооп тап.
  • Өзүңдөгү көйгөйлөрдү акылыңа таянып өзүң чеч, бул ыкма коркунучту жок кылат.
  • Жаныңа дайыма өзгөчө көңүлдү, ишеничти тартуулап турган буюмду салып жүрүүгө аракет жаса. Мисалы, чоң энеңдин белек кылган билериги же башка ушул сыяктуу буюмдар. Аны көргөн сайын жакшы күндөрдү эстеп, маанайың ачылып турса сонун болот.
  • Алдыга дайыма максат кой жана ага жетүүгө болгон күч аракетиңди жумша. Муну менен сен коркпостон, өзүңө ишенүүнү үйрөнөсүң.
  • Эгер туура эмес иш кылсаң аны моюнуңа ал жана ага жооп бер. Эсиңден чыгарба, кырдаалды түшүндүрөм деп ашыкча актануунун кереги жок.
  • Ар бир кылган майда ишиң үчүн дагы өзүңдү мактаганга көн. Дайыма эле “мен семирип кеттим”, “мурдум бучук”, “кирпигим кыска” деген кемчиликтерди айта бербей “мен сулуумун”, “боюм узун”, “жакшы окуйм” деген артыкчылыктарыңды айт.
  • Жылмайып жүрүүгө аракет жаса. Сен канчалык ачык, шайыр жүрсөң ошончолук негатив сенден алыс болот. Жылмаюуга жылмаюу менен жооп алып, оң энергияны топтогонго, жан дүйнөңдү тазалаганга аракет жаса.
  • Эч качан жалкоо болбо. Жалкоо адам өзүн баалай албайт. Жалкоолук – бул алсыздыктын белгиси. Андыктан бул сапаттан арыл.
  • Жашап жаткан жашооңо нааразы болбо. Эгер айланаңдагы адамдар жашоосуна ыраазы болбой, кечке эле наалый берсе, алардын кучагынан алыста. Себеби, терс эмоциялары сага өтөт.

Бул ыкмаларды аткарууга чамдан! Мен сага ишенем!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт