Авиакассага алдандым. Кайда кайрылам?
2018.12.04, 16:58
693
Саламатсызбы! "Кочевник.kg" деген авиакассадан билет алгам. Шартка байланыштуу учпай калып, 4 саат мурун абалды түшүндүргөм. Бир айдан бери акчамды кайрып берише элек. Чалсам "S7 компаниясы акчаны кайтарып берсе беребиз" деп алдап жүрүшөт. Эмне кылсам болот? Кимге кайрылам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.12.2018, 17:04
Нурлан Манапбеков
Юрист
Урматтуу окурман, сотко кайрылып акчаңызды өндүрүп алыңыз. S7 компаниясынын бул ишке эч кандай тиешеси жок. "Кочевник.kg" S7 компаниясынан акчаны качан, кантип алат алардын жеке иши.
Сотко кайрылаардан мурун далилдерди топтоп алыңыз. Авиакасса аркылуу сүйлөшүүлөр диктофондо жазылуу болсо абдан жакшы. Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп