Тун баланы чоң ата - чоң эне тарбияласа эмне болот?
Жубайлардын тун баласын ата-энеси багып беребиз деп алып коюшса, балага кандай таасир берет? Бир гана психологиялык жаракат алабы же башка натыйжалары да барбы?
Гүлбарчын Жумабаева
Эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт
Окурман, ар кандай турмуштук себептерден улам баланы атасынын же апасынын ата-энелери кичинекейинен алып кетип, тарбиялап ɵстүргɵн учурлар коомубузда кɵп кездешет.
Кɵпчүлүк жаш ата-энелер баланы тарбиялоого тоскоол болгон кɵйгɵйлɵрүн чечип алгандан кийин балдарын кайра алып, ɵздɵрү тарбиялаганга аракет кылышат.
Бала кичинекей болгонуна карабастан ɵз ата-энеси ким экенин билсе, сагынып, психологиялык жактан кыйналат. Чоңойгон сайын жанында жүргөн чоң апасына, чоң атасына кɵнүп, ата-энесинен акырындап алыстай баштайт.
Бала үчүн дайыма жанында болуп, ага мээрим тɵккɵн адам маанилүү.
Чоңойгондо кээде ата-энесинин жанында өзүн чоочун сезип кыйналат. Ошондуктан, колдон келишинче ар бир баланы ɵз ата-энеси тарбиялаганы жакшы.