Боюмда бар, бирок эне болууга даяр эмесмин
2018.11.30, 14:43
1287
17 жаштамын. Боюмда болуп калыптыр. Ата-энелерибиз үйлөндүрөбүз деп жатышат. Бирок биз баш кошконго, бала тарбиялаганга даяр эмеспиз. Мен аборт кылдыртып салайын деп ойлоп жаткам. Кайсынысы туура чечим болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.11.2018, 14:49
Гүлбарчын Жумабаева
Эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман! Туура баамдадың. Келечектеги жубайың экɵɵң ата-эне болуу үчүн абдан жаш экенсиңер. Бул жɵнүндɵ мурдараак ойлонуп, жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керек болчу. Болочок жолдошуңдун ата-энесинин, ɵзүңдүн ата-энеңдин материалдык абалы кандай? Бала тɵрɵлгɵндɵ аны багууга шарт барбы?
Ата-энең, өзүңдөн улуу адамдар менен кеңешип туура чечим кабыл аласың деп ишенем. Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп