Эркектер эмнеге алсыздарга кол көтөрөт?
Эмнеге эркектер алсыз аялдарга кол көтөрөт? Бул мүнөздөнбү же тарбияданбы?
Гүлбарчын Жумабева
Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт
Билесизби окурман, өзүн сыйлабаган, өзүнɵ-ɵзү ишенбеген эркек аялга кол көтөрөт. Алар аялды өзүнөн ылдый деп эсептешет. Аларга жооп кайтара албасын билип туруп аялын да баласын да урат.
Бул жерде мүнɵз дагы роль ойношу мүмкүн. Изилдɵɵлɵр баланын кичинекей кезинде үй-бүлɵдɵн алган тарбиясы анын келечектеги үй-бүлɵсүнɵ да таасирин тийгизе тургандыгы далилдеген. Атасы апасын ар дайым урган үй-бүлɵдɵ чоңойгон бала кийин сɵзсүз атасынын кылгандарын кайталайт экен. Себеби, кыз бала үчүн дагы, эркек бала үчүн дагы ата-эненин жүрүм-туруму үлгү болуп калат. Ошондуктан, баланын кɵзүнчɵ ата-энелер урушпашы керек.