Ата-энем мажбурлап турмушка берди
Ата-энем мажбурлап 8 күн мурун турмушка берди. Күйөөмдө көңүлүм жок. Мүнөзү жаман. Тойдон 3 күн өтпөй кол көтөрдү. Мен спираль салдырсам болобу? Ал адамдан балалуу болгум келбейт.
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, акыркы жолу этек кириң качан келди эле? Акыркы айыздын келгенине 10 күн болгон болсо, бойдо болуп калчу күндү өткөрүп жибердиң деп ойлойм.
Эгер этек кириң келгенден кийин, дарыгерге кайрылып спираль салдыртып алсаң болот. Ден-соолук каалайм!
Гүлбарчын Жумабаева
Никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман! Жашың 18ден ɵйдɵ болсо, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинде эч бир жаран ɵз кызын болобу, башка бирɵɵнүн кызы болобу мажбурлап күйɵɵгɵ бергенге акысы жок деп айтылган. Демек, мажбурлап күйɵɵгɵ бергендер үчүн дагы жоопкерчилик каралган.
КРнын Конституциясында "ар бир жаран болочок жубайын эркин тандоого укуктуу" деп жазылып турат.
Ата-энеңе болгон окуяны айтып бер. Бактылуу болуш сенин колуңда.