// //

Мага орой сүйлөгөн адамдарга дароо жооп кайтара албайм. Психолог кеңеш берет

2018.11.27, 13:21
823

Мени элдер жоош деп ойлошот. Бирок менин кыялым бир топ эле. Ошондой болгону менен башкалар катуу сүйлөп, орой мамиле кылганда дароо жообун кайтара албайм. Кийин өкүнүп, кечке ошону ойлоно берем.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.11.2018, 13:23

Карлыгаш Акимкулова, "Психоанализ.кг" психотерапия борборунун психотерапевти

Сиз өзүңүздүн мүнөзүңүздү жакшы билет экенсиз. Адамдар ар башка болот. Бул жерде башкы маселе сизге карата айтылган негативге дароо жооп кайтара албай калгандыгыңызда эмес. Башкы маселе сиздин адамдарга болгон мамилеңизде. Сиз башкалардын пикиринен көз карандысыз. Сиз өзүңүзгө ишенбейсиз, ошондуктан башка бирөөнүн сиз тууралуу айткан сөзү катуу тийип жатат. Ага дароо жооп бере албаганыңар үчүн өзүңөрдү жемелей берип жеп саласыз. Ал адамдыкы туура эмес экенин билесиз, ошого ачууланып, ызаланасыз. Эгер сиз, өзүңүзгө ишенимдүү жүргөн болсоңуз, мынчалык кыжалат болмок эмессиңер. Өзүңүздү колго алып, оюңузду ачык айтканга, эмоцияларыңызды ачык көрсөткөнгө үйрөнүңүз. Башкалардын көзүнчө жаман көрүнүп калуудан коркпоңуз. Ар дайым эле ак, туура, жакшы болууга аракет кылбаңыз. Өзүңдү тарбиялоо аябай узак убакытты талап кылган иш. Кесипкөй психологго кайрылып көрүңүз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт