Каза болоордо адам топурак жыттанып калабы?
1. 16 жаштамын. Адам топурак жыттанып калса, өмүрү бүтөйүн деп калган болобу? Бирөө айтты мен топурак жыттанат экенмин.
3. "Халал, мусулманские" деген колбасаларды жесе болобу? Адал экенин кантип билебиз?
3. Эгерде жакын адамымдын өмүрү коркунучта болсо, мен ага донор болсом болобу? Буга ислам дини кандай карайт?
Бактиря Токтогазы уулу
КМДБнын фатва бөлүм адиси
1. Окурман, адамдын топурак жыттануусу анын өмүрүнө эч тиешеси жок. Так эмес айтылган сөзгө капа болбо.
2. Урматтуу окурман, азыктын адал экенин, адалдыгын тастыктаган сертификатынан билсеңиз болот. Азык-түлүк алып жатканда сертификатын сурап, адалдыгын тактап алууга укугуңуз бар.
3. Суроо берүүчү, донор маселесинде адам эмнеси менен донор болгусу келээри маанилүү. Эгер донор болчу адамдын ден-соолугуна зыян болбосо, донор болсо болот.