Аты-жөнүмдү өзгөрткүм келет
2018.11.23, 09:09
1026
Паспорттогу аты-жөнүмдү кантип өзгөртө алам? Кимге кайрылышым керек жана кандай документтер керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.11.2018, 09:14
Окурман, аты-жөнүңүздү кантип өзгөртүүнү чечтиңиз?
Жашаган аймагыңыздагы ЖААК (ЗАГС) бөлүмдөрүнө кайрылып арыз жазасыз. Үлгүсүн ошол жерден беришет.
Арызда төмөндөгү маалымат көрсөтүлүшү керек:
- Аты-жөнү, туулган күнү жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы ( бойдок, никеде, жесир, ажырашкан);
- Эгерде балдар бар болсо, бойго жете электеринин аты-жөнү, туулган күнү;
- арыз берүүчүнүн жана бойго жете элек балдарынын ар бирине карата түзүлгөн жарандык макамы жазылган маалымат;
- Фамилия, аты жана атысынын атын кантип өзгөртүлөт жазылат;
- Аты-жөнүн өзгөртүүгө эмне себеп болду.
Атын гана өзгөртүүнү каалаган адам, атын өзгөртүү жөнүндө арызга кол коёт жана түзүлгөн датасын көрсөтөт.
Толук маалымат: https://bilesinbi.kg/article/319/
0
Пайдалуу жооп