Жакын арада кандай концерт болот?
2018.11.22, 13:42
1777
Саламатсызбы! Кечээ айылдан апам келген. Сурайын дегеним эртең же бүрсүгүнкүгө концерттер барбы? Апам операны жакшы көрөт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.11.2018, 13:53
Урматтуу окурман, 24-ноябрь, саат 18:00до А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынын башкы залында хор дирижёр, педагог, Кыргыз ССР эл артисти, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, профессор Султан Юсуповдун 100 жылдыгына арналган хор музыка кечеси болот.
Апаңыз менен бирге барып, эс алып келиңиз.
Кирүү акысыз.
0
Пайдалуу жооп